06:41
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

2020-жылы Кыргызстандын экономикасы 8,6 пайызга төмөндөдү

2020-жылы ички дүң продукт алдын ала баалоо боюнча 598 миллиард сомдон ашты. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Анын айтымында, ИДӨнүн көлөмү 2019-жылга салыштырмалуу 8,6 пайызга төмөндөдү. «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда 9 пайызга азайды.

Экономикалык көрсөткүчтөр баардык тармактарда түшкөн. Өнөр жай продукциясынын көлөм 6,6 пайызга, курулуш тармагы 15,9 пайызга кыскарды.

Айыл чарбада тескеринче 1,1 пайызга өсүү болду.

2020-жылы баалар жана тарифтер дагы жогорулады. Улуттук статком айрыкча Талас облусунда тамак-ашка жана алкоголсуз суусундуктарга баалардын (23,5 пайыз) өскөнүн белгилейт.

Эң көп окулган жаңылыктар