14:25
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Инвесторлого каршы митингдер кыргыз бийлигинин алсыздыгын көрсөттү

Бизнес Кыргызстанда абал турукташып, кайра иш жанданарына ишенбейт. Бул тууралуу Борбордук Азия боюнча россиялык талдоочу Аждар Куртов билдирди.

Анын айтымында, тоо-кен тармагы учурда кескин чечим кабыл алуу алдында турат. Аждар Куртов бийлик жергиликтүү калктын көйгөйүн инвестордун мойнуна илип койгонун белгилейт.

«Жумуш менен камсыз кылуу жана инфрастурктураны оңдоо мактоого арзыйт. Бирок, мамлекет өзү бул маселени чечүүдөн чегинип, милдеттерин үчүнчү тарапка илип койгону оор жыйынтыктарга алып келиши мүмкүн», — дейт ал.

Тоо-кен тармагындагы инвесторлорго каршы митинг 2020-жылдын октябрь айындагы бийлик алмашуунун кесепети гана эмес, бул калктын эртеңки күнгө ишеними жоктугунун белгиси.

Аждар Куртов

Талдоочунун пикиринде, мындай кырдаалда ишкерлердин Кыргызстандын пайдасына чечим кабыл алары күмөн.

«Өлкө бюджетине чоң салым кошкон ишканалар өздөрүнүн чыгымдарын азайтып, өндүрүштүн өнүгүүсүнө акча салбай калат. Дагы бир жолу — алар Кыргызстандан чыгып кетишет. Алардын ордуна баарын тобокелге салып, финансалык чыгымдарга карабай иштей турган ишкерлер келет. Биз андай инвесторлорду билебиз. Алар экологияга көңүл бөлбөй, бийлик менен жең ичинен иш алып барат», — дейт ал.

Кыргызстандын бийлиги ишенимдүү өнөктөштөрүн уйдай «сааганды» токтотпосо алардын ордуна өлкөгө чон көп жылдарга таасир бере турган зыян тийгизе турган инвесторлор келишет.

Аждар Куртов
Эң көп окулган жаңылыктар