22:46
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Жөө жомок. Бийлик жашоо жакшырганынын айтканы менен элдин чөнтөгү бош

«Эки жыл ичинде биз элдин өчүп бараткан үмүт шамын кайра жактык», — деп билдирди министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров 2022-жылдын ноябрь айында өткөн Элдик курултайда.

Өлкөнүн бюджети эки-үч эсеге өстү. Бул «экономикалык керемет» жасаган өлкөлөрдө дагы сейрек кездешет.

Акылбек Жапаров.

Анын орун басары Эдил Байсаловдун дагы ою так ушундай. Ал бюджеттеги тартыштыкты жокко чыгарып, эч кандай дефицит жоктугун айтат.

«Журналисттер бүт дүйнө жүзүнө «дефицит рекорддук деңгээлде жогору» экенин жазып, бирок Садыр Жапаровдун мезгилинде бюджет 2-3 эсеге өскөнүн белгилешпейт. Эл пенсия, пособия жана айлык маянанын кескин өскөнүн көрүп турат. Калк өлкөнүн баардык жактан өнүгүп жатканын байкашууда», — деди ал.

Мамлекет башчысынын дагы Кыргызстанда өсүп-өнүгүн жатканынан шеги жок. Садыр Жапаров Нооруз майрамы менен куттуктоосунда, өткөөл мезгил аяктап, Кыргызстан өнүгүү жолуна түшкөнүн баса белгилеген.

«Планета ар кандай катаклизмдерди баштан өткөрүүдө. Дүйнөдө ири аскердик чатактар чыгып, дүйнөлүк экономикадагы көйгөйлөрдүн кесепети баардык аймактарга таасирин тийгизүүдө. Бирок ага карабай биз социалдык тармакта иштеген жумушчуларга жана мамлекеттик кызматкерлерге айлык акысын көтөрдүк. Биз коопсуздук жана коргонуу жаатында көп иш жасадык», — деп айткан Садыр Жапаров.

Тилекке каршы өлкө жетекчилеринин сөзү реалдуу кырдаалга дал келбейт. Улуттук статистикалык комитеттин билдирүүсүндө, жыл башынан бери Кыргызстанда баалар 3,2 пайызга өстү.

Ичимдиктер жана тамеки заттары 4,7 пайызга, азык-түлүк жана суусундуктар — 3,6 пайызга, азык-түлүк товарлары — 2,1 пайызга, акы төлөмдөрү — 2,6 пайызга өстү.

24.kg агенттиги социалдык эксперимент жүргүзүп, Бишкектеги ортостатистикалык үй-бүлөнүн азык-түлүк себетинин наркын аныктап турат. Февраль айынан бери себетке 7 миң сом коротулууда.

Январь-март айларына салыштырмалуу 2022-жылы азык-түлүк себетинин баасы 8,7 пайызга өстү.

Улуттук банктын маалыматында, 14-апрелге карата бир жылдык инфляциянын көрсөткүчү 10,6 пайызды түздү. Азык-түлүктүн айрым түрлөрүнүн баасынын өсүшүнүн басаңдоосу байкалат. Инфляциянын акырындап төмөндөөсүнө акча-насыялык чечимдер өбөлгө болууда.

БУУнун Азык-түлүк жана айыл-чарба уюмунун маалыматында, кыргызстандыктардын 49,6 пайызы толук кандуу тамактана алышпайт. Учурда 229 миң үй-бүлө жакырчылыкта жашайт.

Жарандар эмнеден үнөмдөөрүн билбей, тыйынын санап жашап жатканда мамлекет эмне менен алек? Конституциялык сот аркылуу баардык иштери мыйзамдуу экенин далилдөө аракетинде.

Эскерте кетсек, Баш мыйзам боюнча 1-январдан тарта пенсия өлчөмү жашоо минимунан төмөн болбошу керек. Министрлер кабинети муну аткаруу мүмкүн эместигин мойнуна алды.

Конституциялык сотко Баш мыйзамдын талабы боюнча пенсия өлчөмү боюнча расмий түшүндүрмө берүү суранып кайрылды. Чечим бийлик тарапка чечилди.

Конституциялык сот пенсия, жөлөк пул жана башка социалдык жардамдар экономиканын абалына байланыштуу деп эсептейт. Ал Баш мыйзамдын талабы милдеттүү аткарууга жатпайт деген пикирде.

Мамлекеттик жетекчилер маалыматтарды манипулициялап, калктын реалдуу жашоо деңгээли тууралуу унчугушпайт. Ошол эле учурда бюджеттин миллиарддык кирешеси жана айлык акы, жөлүк пулдун өсүп жатканын айтып мактанып турушат.

Сыпаттоо:

Кыргызстандын бийлиги экономикалык өсүш жана бюджеттеги жогорку көрсөткүч боюнча байма-бай кайталап турушат. Акыркы 1,5 жыл ичинде бюджет тармагында иштегендердин айлык акысы өсүп, жөлөк пул, пенсия көтөрүлгөнүн баса белгилеп кетишет.

Бирок, анын баарын эл сезген жок. Баалар өсүүдө. Жакырчылык деңгээли жогору. Кыргызстандыктар эптеп тирилик өткөрүп, жан багуу менен убара.

Эң көп окулган жаңылыктар