USD87.45EUR97.87RUB1.02
24.kg

Январда экономика 1,8 пайызды өстү. Азык-түлүк баасы дагы жогорулады

09:25, 13 февраля 2020, Бишкек - 24.kg

2020-жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча экономикалык өсүш 1,8 пайызды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.

Ички дүң продукт 31 миллиард сом болуп, 2019-жылдын январь айына салыштырмалуу 1,8 пайызга өстү.

Январь айында эң көп чийки мунайзат жана жаратылыш газы (38,1 пайыз) өндүрүлгөн. Андан кийинки орунда резина жана пластмасса буюмдары (28,3 пайыз) турат. Тоо-кен тармагы металл рудаларын жигердүү казып алган (21,7 пайыз).

Эң аз текстиль, кийим, булгаары, булгаарыдан жасалган буюмдар, бут кийим чыгарылган.

Айыл чарба продукцияларынын дүң чыгарылышынын көлөмү 2019-жылдын январына салыштырмалуу 1,6 пайызга өстү. Дүң жана чекене соода жүгүртүүнүн — 4,6 пайызга көбөйсө, курулуш тармагында 1,1 пайыз өсүш байкалат.

Январь айында баалар 0,6 пайызга кымбаттады. Айрыкча алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге (2,2 пайызга), тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга (1,0 пайызга) нарк жогорулады.

Ал эми азык-түлүк эмес товарлардын баалары, тескерисинче, 0,2 пайызга төмөндөгөн.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика