07:48
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кыргызстанда инвестор менен иштөө жолу өзгөрүүдө. Бизнес кандай жолду тандайт?

Кыргызстан саясый туруксуздук мезгилинде инвестор менен иштөөнүн кайсы вариантын тандайт? Бул суроого Казак-немец университетинин профессору Рустам Бурнашев жооп берди.

Ал дүйнөдө инвестор менен иш алып баруунун укуктук талаадан тарта криминалды аралаштырууга чейин  бир нече жолу бар экенин белгилейт.

Белгилей кетсек, «Бозымчак» кенинин 200дөй жумушчусу 11-декабрда Бишкек шаарында митингге чыгышты. Алар 7-октябрда жабылган ишканага кайра иштөөгө уруксат берүү талабын коюшту.

Рустам Бурнашевдин айтымында, саясый туруксуздук күч алган аймактарда чет элдик бизнестин тобокелчиликтери күчөйт. Алар ири жоготууларга кабылышы мүмкүн. 

«Кыргызстандын ансыз деле чет элдик бизнес менен буга чейинки келишпестиктерин эске алсак, анда мамиледе жаңы багыт пайда болот. Мисалы, инвесторду өлкөдө калтыруу аракети көрүлсө, анда көйгөйлөрдү чечүүнүн салттуу эмес жолдору да эске алынышы ыктымал», — дейт ал.

Бизнести жүргүзүүнүн дүйнөлүк тажрыйбасында бир нече ыкмалар бар.

Рустам Бурнашев

«Бул эл аралык стандарттык тажрыйба — арбитраждык сотко кайрылуу. Эгер Кыргызстанга карата арыз жолдонсо алар сотту утуп чыгары анык. Андан ары акчаны кайтарып алуу жолдору карала баштайт. Бул баарына белгилүү, укуктук талаадагы эреже. Бирок, бизнес буга башка айла калбай калган учурда гана барат», — дейт профессор.

Рустам Бурнашев Борбордук Азия өлкөлөрүндө, инвесторлор орто жолдо келишим шарттарын өзгөртүүгө аргасыз болгон учурларды айтат.

«Жоготууларды, тобокелчиликтерди эсептеп инвестор жол-жобону өзгөртүүгө макул болот. Буга «Кумтөр» жана Казакстандын мунай-зат компаниялары мисал болот алат», — дейт ал.

Инвестордун үчүнчү жолу — бул күч менен бизнесин коргоо.

«Мындайды Кытай Кыргызстанда көрсөтө алат. Мында инвестор өзүнүн акчасын, эмгегин күч менен коргойт. Төртүнчү вариант — бул криминалдык түшүнүктөр менен маселени чечүү», — дейт Рустам Бурнашев.

Кыргызстанда бийликтин мыйзамдуулугуна суроолор жаралат.

Рустам Бурнашев

«Тышкы байкоочу үчүн октябрь окуялары мыйзам талаасына кирбейт. Андыктан өлкөдө иштегендердин акчасын сактап калуу аракети түшүнүктүү көрүнүш. Албетте, инвесторлор сүйлөшүүгө аракет кылышат. Бирок, азыркыдай туруксуз кырдаалда эч бир келишим толук кепилдик бере албайт», — дейт Рустам Бурнашев.

Эң көп окулган жаңылыктар