19:24
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Өткөн айга караганда мигранттар өлкөгө 18,5 миллион долларга көп акча которду

2023-жылдын сентябрында мигранттар Кыргызстанга 174,4 миллион доллар которушкан, бул өткөн айга салыштырмалуу 18,5 миллион долларга көп. Мындай маалыматтарды Улуттук банк келтирет.

2022-жылдын сентябрына караганда көрсөткүч 1,7 эсеге, же 117,5 миллион долларга кыскарган. Акча каражаттарынын көпчүлүгү Россиядан которулган— 159,8 миллион доллар. Башка мамлекеттерден Кыргызстанга 8,6 миллион доллар, АКШдан 2,9 миллион доллар жиберилген. Жалпысынан үстүбүздөгү жылдын январь — сентябрь айларында мекендештер өлкөгө 1 миллиард 437,6 миллион доллар которушкан. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 35 пайызга, же 774 миллион долларга аз.

Сентябрь айыны жыйынтыгында акча каражаттарынын сыртка агылып чыгуусу да байкалган — 35,2 миллион доллар. Бир айдын ичинде көрсөткүч 2,9 миллион долларга азайган. 2022-жылдын сентябрына салыштырмалуу көрсөткүч 4,8 эсеге же 135,2 миллион долларга кыскарган. Акчанын негизги бөлүгү Россияга (32,3 миллион доллар) которулган. 2023-жылдын тогуз айында эле республикадан 360,1 миллион доллар чыгарылган, бул 2022-жылга караганда 419,2 миллион долларга аз.

Ушул жылдын январь — сентябрь айларында Кыргызстанга акча которуулардын таза агымы 1 миллиард 77,5 миллион долларды түздү. Бул 2022-жылдын тогуз айына караганда 354,7 миллион долларга же 24,7 пайызга аз.

Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча республикага акча которуулардын көлөмү 2 миллиард 928,2 миллион долларды түзгөн. Кыргызстандан башка мамлекеттерге 1 миллиард 200,7 миллион доллар которулган. Акча каражатынын таза агымы — 1 миллиард 727,5 милилон доллар болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар