14:56
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Тургундардын кайрылуусунан кийин Ош облусунда 150 орундуу мектеп курула баштады

Тургундардын кайрылуусунан кийин Ош шаарынын Алмалык айылында 150 орундуу мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Шаардын мэри Бакытбек Жетигенов жүргүзүлүп жаткан жумуштарды сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө бүтүрүү зарылчылыгын белгиледи.

Ал буга чейин майда аталган айылдын жашоочулары менен жолугуп, алар мектеп куруп берүүнү суранышкан.

Долбоорго ылайык, эки кабаттуу мектеп имараты 150 окуучуга ылайыкташтырылган. Имаратты келерки жылдын аягында пайдаланууга берүү болжолдонууда.

Эң көп окулган жаңылыктар