22:12
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Ош шаарындагы гүл сатуучу жайлар жылдырылып, жол кеңейтилет

Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан гүл сатуучу жайлар жылдырылып, жол кеңейтилет. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай кадам жол тыгындарын азайтат.

«Азыркы тапта мэрия сатуучуларга эскертүү берип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Гүл базар 2 айдын ичинде жылдырылат», — деп жазылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар