05:02
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Ош шаарында бардык базарлар дезинфекциялоо үчүн жабылды

Ош облусунда дезинфекциялоо үчүн бардык базарлар жабылды. Бул тууралуу Ош мэриясынын пресс-кызматы маалымдады.

Анын айтымында, дезинфекциялоо иши борбордук базарда, «Келечек», «Тешик-Таш» базарларында жана бардык кичи райондордогу базарларда жүрүп жатат.

Мэрия, күн сайын санитардык-эпидемиялык норма жана тартип боюнча бардык базарларда текшерүү иши жүрүп турарын кошумчалады. Ал эми жарандарды бет кап тагынууга жана аралыкты сактоого чакырат.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума