16:02
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Ош шаардык кеңешинин депутаттары мэрге ишенбөөчүлүк көрсөтүштү

Ош шаардык кеңешинин депутаттары мэр Бакытбек Жетигеновго ишенбөөчүлүк көрсөтүү чечимин кабыл алышты. Бул тууралуу кеңештин сессиясында белгилүү болду.

Депутаттар мэрия Ош шаардык кеңешинин токтомдорун аткарбай жатканын белгилешти.

Алгач добушка ишенбөөчүлүк көрсөтүү маселеси коюлуп, аны көпчүлүк депутаттар колдоп, жашыруун добуш берүү өттү.

Жыйынтыгында ишенбөөчүлүк көрсөтүү чечимин 39 депутат колдоп, үчөөсү каршы добуш берди.

Белгилей кетсек, Ош шаарынын мэрин Кыргызстандын президенти дайындап жана кызматтан алат. 

Эң көп окулган жаңылыктар