20:14
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Чынгыз Абдыраевди аткан милиция кызматкери 16 жылга соттолду

Бүгүн Бишкектин Свердлов райондук сотунда Чынгыз Абдыраевдин өлүмү боюнча соттук териштирүү аяктады. Анда төрагалык кылган судья Санжар Чотонов айыпталуучуларга карата өкүмдү угузду.

Негизги айыпталуучу Жакупбек Дуулат уулу адам өлтүрүү жана кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, 16 жылга эркинен ажыратылды. Мындан тышкары, ал жабырлануучуларга материалдык чыгым катары 576 000 сом жана моралдык кенемте үчүн 100 000 сом төлөп бериши керек.

Ал эми, калган үч айыпталуучу: Юлий Сафонов, Абдималик Бекматов жана Эламан Базаркул уулу кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп табылып, сот аларды жети жарым жылга эркинен ажыратып, бирок 3 жылдык пробациялык көзөмөл колдонуу чечимин кабыл алып, сот залынан бошотту.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын август айында Бишкекте милициянын кайгуул кызматкери айдоочу Чыңгыз Абдыраевди атып салган. Ал ошол жерде жан берген. Кылмышка шектүү катары төрт милиция кызматкери кармалган. Бул окуя коомдо резонанс жаратып, ички иштер органдарынын бир нече кызматкери жазаланган.

Эң көп окулган жаңылыктар