12:09
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кара-Балта мэриясынын кампа башчысына карата кылмыш иши козголду

Кара-Балта шаарынын мэриясы алдындагы «Универсал» муниципалдык ишканасында текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, текшерүүдө, 2021-жылдын январь айынан 2022-жылдын июнь айына чейинки аралыкта, материалдык жоопкер болгон кампа башчысы С.Ш. тарабынан ага ишенип берилген ири ѳлчѳмдѳгү мүлк (электр товарлары, темир арматура) мыйзамсыз ыйгарылып алынып, мамлекетке 1 миллион 60 миң 648 сомду түзгѳн материалдык зыян келтирилгендиги аныкталган.

Жогорудагы факты боюнча райондук прокуратура тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен кылмыш иши козголгон.

Тергѳѳнүн жыйынтыгы менен мамлекетке келтирилген зыян толугу менен өндүрүлүп, Ш.С.К. карата кылмыш иши Жайыл райондук сотуна кароо үчүн жиберилди. Учурда иш соттун кароосунда.

Эң көп окулган жаңылыктар