12:19
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

«Азаттыктын» Финчалгын кызматына арызы Административдик сотто кайрадан каралат

Бишкек шаардык соту «Азаттык Медиа» мекемесинин адвокаты Нурбек Сыдыковдун өтүнүчүн канааттандырып, Финансылык чалгын кызматына каршы буга чейинки арызды кайрадан кароо үчүн Бишкектин Административдик сотуна жөнөттү.

Мындай чечимди Болот Сатыбалдиев төрагалык кылган шаардык соттун коллегиясы 13-апрелде кабыл алды. Шаардык сот Административдик соттун «Азаттык Медиа» мекемесинин арызы боюнча ишти кыскартканын негизсиз деп тапты.

Буга чейин «Азаттыктын» адвокаттары Финчалгын кызматынын былтыр октябрь айында радиону «Кылмыштуу кирешени адалдаштырууга катыштыгы бардыгы тууралуу маалымат бар адамдардын, топтордун жана уюмдардын» тизмесине киргизилишин жана «Демирбанктагы» банк эсеби бөгөттөлөшүн мыйзамсыз деп табууну өтүнүп, Административдик сотко кайрылган. Аталган сот ишти кыскартып салган.

Былтыр, 31-октябрда «Азаттык Медианын» «Демирбанктагы» банк эсебине бөгөт коюлганы белгилүү болгон.

15-ноябрда Финансылык чалгын кызматы банк эсеби эмне үчүн бөгөттөлүп турганын түшүндүрүп, «Азаттык Медиа» «Кылмыштуу кирешени адалдаштырууга катыштыгы бардыгы тууралуу маалымат бар адамдардын, топтордун жана уюмдардын тизмесине» киргизилгенин, буга УКМКнын каты негиз болгонун расмий билдирген.

Бирок Финансылык чалгын кызматынын өкүлдөрү «Азаттык Медианы» былтыр 28-декабрда «Кылмыштуу кирешени адалдаштырууга катыштыгы бардыгы тууралуу маалымат бар адамдардын, топтордун жана уюмдардын» тизмесинен чыгарылганын айтып, буга байланыштуу ишти кароого негиз жоктугун билдирген.

Финчалгын кызматы былтыр жыл аягында «Азаттыкты» шектүү уюмдардардын катарынан чыгарса да радионун «Демирбанктагы» банк эсептери ачыла элек. Буга чейин Ички иштер министрлиги козгогон кылмыш ишинин алкагында «Азаттыктын» эсептери соттун чечими менен камакка алынганы белгилүү болду.

Аталган иште «Азаттыктын» юридикалык макамы беймаалым. Бул иш боюнча толук маалыматты ИИМ кылмыш ишинде жашыруун гриф бар деген негизде бербей келет.

«Азаттык Медиа» банк эсеби негизсиз бөгөттөлгөнүн жана мекемеде иштеген кыргыз жарандарынын, кызматкерлердин укуктары бузулуп жатканын белгилейт.

Былтыр 26-октябрда Маданият министрлиги «Азаттык Медиа» мекемесинин вебсайтын бөгөттөө тууралуу чечим чыгарган. Буга «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун дагы бир кызматы — «Настоящее время» телеканалынын сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы окуялар тууралуу видео материалы негиз болгону маалымдалган. «Азаттык Медиа» бул материалдарда журналисттик стандарттар сакталганын жана мыйзамга каршы аракет жок экендигин белгилеп келет.

Соңку мезгилде «Азаттыктын» сайтынын жана банк эсебинин бөгөттөлүшү, ага байланышкан соттук процесстер өлкө күн тартибиндеги негизги темалардын бири болууда. Буга чейин өлкөдөгү бир катар саясатчылар, журналисттик коомчулук, жарандар, эл аралык уюмдар «Азаттык» туш болгон акыркы кырдаалды басым катары сыпаттап, тынчсыздануусун билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар