4-октябрдан тарта Азия оюндарында күрөш боюнча турнир башталат. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерациядан билдиришти.
Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын командасына Жоламан Шаршенбеков, Раззак Бейшекеев, Акжол Махмудов, Атабек Азисбеков, Узур Жузупбеков, Роман Ким кирди.
Айсулуу Тыныбекова, Нурзат Нуртаева жана Айпери Медет кызы дагы Кытайга барат.
Буга чейин команданын курамында Мээрим Жуманазарова да болгон, бирок ал Сербияда өткөн Дүйнө чемпионатында жаракат алган.