19:13
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Бишкектин айрым тилкелеринде жаратылыш газы өчүрүлөт

«Бишкекгаз» шаардык газ кызматы ушул жылдын 27-сентябрынан 29-сентябрына чейин орто басымдагы жер астындагы газ өткөргүчүнө кайра кошулуу иштери пландалганын маалымдайт.

Буга байланыштуу Аламүдүн суусун бойлой, ЧЧК, Чугуев жана Чернышевский көчөлөрү, «Куликовский» объектисинде жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт.

«Бишкекгаз» түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерди жаратылыш газын берүүнү убактылуу токтотууну түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт, ошондой эле абоненттерди аталган убакыт аралыгында энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.

Негизги максатыбыз – газ бөлүштүрүүчү тармактарды алдыдагы күз-кыш мезгилинде коопсуз жана туруктуу эксплуатациялоого даярдоо.

Эң көп окулган жаңылыктар
15-октябрь, шейшемби