USD87.45EUR98.04RUB1.04
24.kg

Садыр Жапаров Душанбеге Борбор Азия мамлекет башчыларынын жолугушуусуна барат

11:28, 13 сентября 2023, Бишкек - 24.kg

Президент Садыр Жапаров 14-сентябрда Борбор Азия мамлекет башчыларынын бешинчи консультативтик жолугушуусуна катышуу үчүн Душанбеге иш сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Борбор Азиянын башка мамлекеттеринин башчылары катышары күтүлүүдө.

Сапардын алкагында Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

"Душанбеде боло турган Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын бешинчи консультативтик жолугушуусу көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле регионалдык өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулоону көздөйт деп күтүлүүдө", -  деп билдирди Муратбек Азымбакиев.

Views
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика