Кыргызстандын аскер кызматкерлери Түркиянын Измир шаарында «Эфес-2026» эл аралык биргелешкен аскердик машыгуусуна катышууда. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, машыгуу 20-апрелден 21-майга чейин өтүп, ага жалпысынан 17 мамлекеттин аскердик контингенттери катышууда.
Бул эл аралык тажрыйба алмашууга жана аскердик кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түзүүдө.
Белгиленгендей, учурда машыгуунун сценарийине ылайык активдүү фазага даярдык иштери жүргүзүлүүдө.

