17:59
USD 87.42
EUR 102.10
RUB 1.17

Баткен облусунда 319 гектар айыл чарба жери мамлекетке кайтарылды

УКМК Баткен облусундагы айыл чарба багытындагы жер тилкелери мамлекетке кайтарылгандыгын билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен районунун Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба багытындагы 319 гектар жер тилкелери аныкталып, мамлекетке кайтарылды.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча көрсөтүлгөн жер участоктору айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондуна (136,52 га) жана Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн (182,51) балансына өткөрүп берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар