08:10
USD 89.43
EUR 96.57
RUB 0.97

Бектур Зулпиев президенттин кеңешчиси болуп дайындалды

Бектур Зулпиев президенттин кеңешчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка бүгүн Садыр Жапаров кол койду.

Эскерте кетсек, Бектур Зулпиев Кыргызстандын жаңы Конституциясынын автору катары белгилүү. Ал президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары, министрлер кабинетинин башчысынын кеңешчиси болгон. Бектур Зулпиев Бакиевдердин юристи деген дагы сөздөр бар. Бул тууралуу ММК жана укук коргоочулар гана эмес, саясатчылардын арасында да айтылып жүрөт.

Мындан тышкары Бектур Зулпиев 1998 жана 2003-жылдары Конституцияны өзгөртүүгө катышкан. Бул эки демилге тең президенттин ыйгарым укуктарын күчөтүүгө багытталган. Ошондой эле, ал 1995-жылдары шайлоо талаштары боюнча, 1997, 2001 жана 2004-жылдары Шайлоо кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана кодексти иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү жана Жогорку соттун алдындагы илимий консультативдик кеңештин мүчөсү болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар
21-февраль, шаршемби