05:07
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Боршайкомду сотко беришти

Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен жасалма диплом үчүн мандатынан ажыратылган мурдагы депутаттар Фархат Исмаилов жана Фарходбек Алимжанов Бишкек шаардык сотуна кайрылышты.

Алар Боршайкомдун чечимин мыйзамдуу деп тапкан административдик соттун чечимине каршы чыгып жатышат. Арыз качан каралары азырынча айтыла элек.

Мындан тышкары Фарходбек Алимжанов Ош мамлекеттик университетин дагы сотко берген. Маалыматты 24.kg агенттигине анын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова тастыктады.

«БШК ОшМУнун чечиминин негизинде Алимжановду мандатынан ажыраткан. Бирок аны Билим берүү жана илим министрлиги чыгарышы керек болчу. Башкача айтканда, процедура бузулган. Алимжанов бардык экзамендерди тапшырганын айтып жатат», — деп түшүндүрдү юрист.

Эске салсак, бул иш боюнча УКМКнын материалдары Борбордук шайлоо комиссиясына 2022-жылдын 8-апрелинде түшкөн. Ошол эле учурда, алар Билим берүү министрлигине да кайрылышкан. Улуттук университетинин ректорунун Фархат Исмаиловго диплом берилбегени тууралуу билдирүүсү талкууну баштоого жетишсиз болгон. БШК маселени бир жылдан кийин караган. 

Эң көп окулган жаңылыктар