17:07
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Садыр Жапаров Ысык-Көлдөгү дагы 15 пансионатты ижарага берүүнү сунуштады

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдөгү дагы 15 мамлекеттик пансионат 49 жылга ижарага берилерин билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

Анын айтымында, бул объекттер көптөн бери кароосуз калган.

«Ысык-Көлдүн айлана тегерегинде бүгүнкү күндө ушундай 15 пансионат бар. Мамлекеттики же мамлекеттик мекемелердики. Булар илгертен бери кароосуз калган же жакшы каралбай келет. Ушул пансионаттарды 49 жылга ижарага беребиз. «Инвестиция салам, мен алам» деген ата мекендик байларыбызды, чет өлкөлүк инвесторлорду чакырам. Келиңиздер, алыңыздар. 3, 4, 5 жылдыздуу мейманканаларды салып иштетиңиздер. Албетте салган инвестициянарды кыска убакытта кайра чыгарып аласыңар дегенден алысмын. Бирок 49 жылда 3-4 эсе актайт деп ишенем. «Эмнеге мамлекеттин акчасын салып оңдоп койбойсуңар» деген жарандарыбызды угуп жүрөм. Кудайга шүгүр мамлекетте акчабыз жок эмес, бар. Эмне деген иштерди жасап жатканыбызга күбө болуп атасыңар. Мамлекеттин акчасын узак мөөнөттө актай турган бизнеске салуу максатсыз. Баарын эсептеп чыктык. Ошондуктан салбайбыз», — деп жазды ал.

Ошондой эле, ким кызыкдар болсо мамлекеттик мүлк фондусуна кайрыла аларын билдирди.

«Негизги шарттар: алгандан кийин дароо инвестиция салып башташ керек. 3 жылдыздуудан жогору мейманканалар, коттедждер ж.б салынышы керек. Акчаң болсо эки жылда кычыраган пансионат кылсаң болот. 49 жылга алдым деп 5-10 жыл эч нерсе салбай басып жата берген жарабайт. Субарендага уруксат жок. Калган маалыматтарды мамлекеттик мүлк фондусунан аласыздар», — деди президент.

Эске салсак, «Дилором» («Энесай»), «Золотые пески» («Бостери»), «Рохат» («Алтын-Жай») жана «Бустон» пансионаттары Өзбекстанга узак мөөнөткө ижарага берилет.

Буга чейин Садыр Жапаров: «Биз жакынкы 15-20 жылда бул пансионаттарга акча сала албайбыз, анткени башка тешиктерди жамай албайбыз», — деп билдирген.

Талаштарды жөнгө салуу боюнча эл аралык борбордо талашты кароо 2023-жылдын май айында аяктаган. Маалыматка ылайык, судья чечим чыгарган. Ошондой эле, арбитр Захари Дугластын да өзгөчө пикири бар. Соттук өкүлчүлүк борборунан 24.kgге талаш чындыгында токтотулганын билдиришти. Бирок тараптар чечимди азырынча ачыкка чыгарбоого макулдашып, Кыргызстан менен Өзбекстан купуялуулук тууралуу документтерге кол коюшкан. Ошондуктан, бүгүнкү күндө тараптардын бири да арбитраждык териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча комментарий бере албайт.

Эң көп окулган жаңылыктар