Жакынкы арада Талас облусу үчүн 30 даана жаңы, заманбап Yutong электробусу сатып алынат. Бул тууралуу Президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
Анын айтымында, Талас шаарынын ичиндеги жана аймактардагы тургундарды сапаттуу коомдук транспорт менен камсыз кылуу максатында «Yutong» компаниясынын автобустары алынат.
Облус башчысы белгилегендей, электробустарды лизинг жолу менен сатып алууга президент Садыр Жапаров тарабынан 180 млн сом каражат бөлүндү.
«Yutong» компаниясынын электробустары толук кубатталгандан кийин 200 чакырымга чейин тынымсыз жүрө алат. Компаниянын электробусун командабыз менен тест-драйвдан өткөрүп, жүрүү мүмкүнчүлүгүн, сапатын жана техникалык өзгөчөлүктөрүн жакындан көрүп чыктык. Электробустардын ыңгайлуулугу, кубаттуулугу жана заманбап шарттары бизге абдан жакты. Жакынкы күндөрү тиешелүү келишим түзүлүп, эки айдын ичинде 30 электробус Талас облусуна жеткирилет. Өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата жаңы электробустар президент тарабынан салтанаттуу түрдө тапшырылат", — деп жазды Эрмат Жумаев.

