Бишкекте кайрадан жаан жаашы күтүлүүдө. Синоптиктер ушундай алдын ала божомолду беришүүдө.
18-майда күн ала булуттуу болот. Түнкүсүн абанын температурасы +12 градуска чейин, күндүз +29 градуска чейин көтөрүлөт.
19-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт жана +14 градус жылуу болот. Күндүз күн күркүрөп, жаан жаашы күтүлөт, ал эми термометрдин көрсөткүчү +26 градуска чейин жогорулайт.
20-майда дагы жаан-чачындуу болот. Түнкүсүн аба ырайы жылуу болуп, +13 градуска чейин жетсе, күндүз +26 градус болушу божомолдонууда.

