Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тамак-аш азыктарын ветеринардык-санитардык экспертизадан өткөрүү эрежелерин бекитүү тууралуу буйруктун долбоорун коомдук талкууга чыгарды.
Документте эт, сүт, балык, жумуртка, бал жана башка жаныбарлардан алынган азыктарды текшерүүгө бирдиктүү талаптарды киргизүү каралган.
Долбоор менен төмөнкү өзүнчө эрежелерди бекитүү сунушталууда:
- малды союуга чейинки ветеринардык кароодон өткөрүү жана этти (туш) экспертизалоо;
- балыкты жана балык азыктарын текшерүү;
- сүт жана сүт азыктарын экспертизалоо;
- балды текшерүү;
- жумуртканы ветеринардык-санитардык экспертизадан өткөрүү.
Министрликтен белгилешкендей, учурда Кыргызстанда мындай экспертизаларды өткөрүүнүн системалуу түрдө жөнгө салынган тартиби жок. Бул мыйзамдардын ар башкача колдонулушуна алып келип, тамак-аш азыктарынын коопсуздугуна көзөмөл жүргүзүүнүн натыйжалуулугун төмөндөтөт.
Негиздеме-маалымкатта жаныбарлардан алынган азыктар биологиялык жана химиялык булгануу, ошондой эле курамында антибиотиктердин, гормоналдык дары-дармектердин жана ГМО компоненттеринин болушу мүмкүндүгүнөн улам жогорку тобокелдик тобуна кирери баса белгиленген.
Ведомствонун билдирүүсүнө ылайык, жаңы эрежелер азык-түлүктүн коопсуздугуна көзөмөлдү күчөтүп, рынокко кооптуу продукциялардын кирип кетишинин алдын алууга тийиш.

