02:25
USD 88.39
EUR 94.96
RUB 0.97

Президент төрт пансионаттын Өзбекстанга ижарага берилишине комментарий берди

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде Ысык-Көлдөгү төрт пансионаттын Өзбекстанга 49 жылга ижарага берилишине комментарий берди.

Анын айтымында, 2016-жылы Темир Сариев популисттик кылып, пансионаттарды өлкөгө кайтарып алган.

«Архивдик кагаздарды окуп чыгып, жети өлчөп бир кесиш керек эле. Тагыраак айтсам, эл аралык соттон утулбай турган болсок анан алып койсо болмок. Ошол эле жылы өзбек тарап Вашингтонго эл аралык сотко 65 миллион долларга доо арыз бериптир. 2017-жылы Сапар Исаков өзбек тарапка кат жөнөткөн экен: «Тынчтык жолу менен чечели, силерге 4 пансионатты кайра берели, силер эл аралык соттон доо арызыңарды алып койгула», — деп. Алар алган эмес.

Жакында, май айында эл аралык сот кыргыз тарап 40 миллион доллардан ашык төлөйсүңөр деген чечим чыгарды (Белгилей кетсек, чечим жашыруун жана ачыкка чыгарылбашы керек. — ред. 24.kg).

«Биз эки жак келишип, «Анча акчаны төлөй албайбыз. Андан көрө силер 49 жылга алгыла, 4-5 жылдыздуу мейманканаларды кургула» деп келиштик. Ал пансионаттардын ахывалын көрсөңөр аткана. Биз өзүбүз жакынкы 15-20 жылда ал пансионаттарга бир тыйын сала албайбыз. Башка жыртык-тешиктерибизди бүтөй албай жатып ал пансионаттарга кайдагы акча» — деди Садыр Жапаров.

Президент ал 4 пансионатты 40 миллионго эмес 4 миллион долларга эч ким сатып албай турганын билдирди. «Ал эми 5-10 жылга бербейлиби деген бул түркөйлүк. 4-5 жылдыздуу жатаканаларды куруп бүткүчө эле 5-10 жыл кетет. Анан кайсы мамлекет короткон акчасын актабай туруп биз үчүн куруп бермек эле», — деп кошумчалады президент.

Эске салсак, төрт пансионат: «Дилором» («Энесай»), «Золотые пески» («Бостери»), «Рохат» («Алтын-Жай») жана «Бустон» пансионаттары Өзбекстанга узак мөөнөткө ижарага берилет.

Буга чейин премьер-министр Темир Сариевдин чечими менен 2016-жылдын апрелинде Кыргызстандын аймагында жайгашкан төрт пансионат («Золотые пески», «Рохат НБУ», «Дилором» жана «Бостон») биздин өлкөнүн карамагына өткөн. Өзбекстан сотко берген. Коңшулардын пикиринде, Союз кулагандан кийин башка республиканын аймагында калган объектилерди пайдалануу боюнча мурдагы СССР мамлекеттеринин ортосунда 1992-жылдан тартып түзүлгөн келишим бузулган. 2017-жылдын декабрында маселе жөнгө салынганын билдиришкен. Бул үчүн өкмөт Өзбекстандын министрлер кабинети менен келишим түзүүнү сунуштаган.

Жаңы документ боюнча пансионаттардын жерлери Кыргызстандын менчигинде калышы керек болчу, ал эми мүлктөрү кайрадан өзбек тарапка кайтарылмак. Алар пансионаттарды жыл бою иштей ала турган үч-төрт жылдыздын деңгээлине жеткирүүгө милдеттенме алышкан. Келишимге кол коюлгандан кийин Өзбекстан эл аралык арбитраждан доо арызды кайтарып алышы керек болчу.

Талаштарды жөнгө салуу боюнча эл аралык борбордо талашты кароо 2023-жылдын май айында аяктаган. Маалыматка ылайык, сот чечим чыгарган. Ошондой эле, Арбитр Захари Дугластын дагы пикири бар. Соттук өкүлчүлүк борборунда 24.kgге талаш чындыгында токтотулду деп билдиришти. Бирок тараптар чечимди азырынча ачыкка чыгарбоого макулдашкан. Кыргызстан менен Өзбекстан купуялуулук тууралуу документтерге кол коюшкан. Ошондуктан, бүгүнкү күндө тараптардын бири да арбитраждык териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча комментарий бере албайт.

Эң көп окулган жаңылыктар