14:14
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

ЭлТР каналы менен «ПолитКлиниканын» сотуна күбөлөр келген жок

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда мамлекеттик ЭлТР телеканалынын көз карандысыз «ПолитКлиника» медиасына каршы доо арызын кароо болуп өттү.

Жоопкердин адвокаты Нурбек Сыдыков 24.kgге кабарлагандай, сот отурумунда эки медианын соттошуусуна себеп болгон видеоматериалдар көрсөтүлдү. Көрсөтмө берүү үчүн сотко Финансы министрлигинин жана Энергетика министрлигинин өкүлдөрү чакырылган, бирок алар келген эмес. Соттун катчысынын маалыматына ылайык, Финансы министрлигинин кызматкери жыйында болгону үчүн келген эмес, ал эми Энергетика министрлигинин өкүлү бөлүм башчынын ишеним катынын жоктугунан сотко катыша албай турганын билдирген.

Кийинки процесс 11-сентябрга белгиленди.

Буга чейин «ЭлТР» телеканалы Садыр Жапаровдун президенттиги учурунда энергетика тармагын өнүктүрүүгө бир да насыя алынбаганын көрсөткөн сюжет жарыялаган. «ПолитКлиниканын» журналисттери расмий органдардын билдирүүлөрүнө таянып, бул маалыматтын калп экендигин билдирген.

«ЭлТР » көз карандысыз медианы такталбаган маалымат берип, адамдарды манипуляциялап жатат деп айыптаган. Кырдаалга президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков кийлигишкен. Анын айтымында, басылма маалыматтарды жарыялоодон мурда Финансы министрлигине жана Энергетика министрлигине кайрылышы керек болчу.

Канал сотко кайрылып, моралдык зыян катары «ПолитКлиника» редакциясынан 7 миллион сом, журналист Тыныстан Асыпбектен 3 миллион сом, жалпы 10 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар