2023-жылдын биринчи кварталында Кыргызстанга 1 миң 410 электромобиль импорттолду. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.
Бул арада электромобилдин баасы 12,6 миң доллардан 32,1 миң долларга өстү.
Кыргызстан унаанын бул түрүн көбүнчө Кытайдан импорттойт.
Жалпысынан 10 өлкөдөн ташылып келүүдө:
• Кытай — 1 миң 346 электромобиль, орточо баасы - $31220;
• Германия — 20 электромобиль, орточо баасы - $84515;
• Түштүк Корея — 17 электромобиль, орточо баасы - $19618;
• АКШ — 14 электромобиль, орточо баасы - $60271;
• Литва — 6 электромобиль, орточо баасы - $50483;
• Испания — 3 электромобиль, орточо баасы - $1400;
• Бельгия — 1 электромобиль, баасы - $40000;
• Япония — 1 электромобиль, баасы - $8500;
• Бириккен Араб Эмираты — 1 электромобиль, $31700;
• Өзбекстан — 1 электромобиль, $1600.