10:38
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Кемпир-Абад иши. Айыпталуучулар ачкачылык жарыялады

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткандар ачкачылык жарыялады.

Маалыматка караганда, алар Атай Бейшенбектин айып изоляторуна, Илгиз Шаменов менен Равшан Жээнбековдун башка камераларга которулушуна каршы чыгышууда.

«Биз Равшан Жээнбеков, Илгиз Шаменов жана Атай Бейшенбекке каршы кысымды токтотууну талап кылабыз. Андан сырткары, бир камерадан экинчиге которуу дагы токтотулушу керек», — деп айтылат кайрылууда.

Айыпталуучулар талаптарын Кыйноого каршы улуттук борборго жөнөтүштү.

Эң көп окулган жаңылыктар