23:37
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бишкекте ШИИБ жетекчисин отставкага кетирүү талабы менен митинг өттү

Бишкекте ШИИБ жетекчиси Азамат Ногойбаевди оставкага кетирүү талабы менен митинг өттү. Жарандык активистер, укук коргоочулар шаардык милиция имараты алдында чогулду. Аларды митинг өткөрүүгө түрткү жасаган себеп — милиция аткаминери зордук-зомбулукка кабылган кыздар тууралуу айткан сөзу болду.

Чогулгандар ШИИБ жетекчиси алардын алдына чыгып, түшүндүрмө берүүсүн талап кылышты. Бирок ал сыртка чыгуудан баш тартып, журналисттерге брифинг өткөрүп берди.

Эске салсак, Бишкек ШИИБинин башчысы Азамат Ногойбаев Facebookтагы түз эфирен өспүрүмдөргө карата жасалган кылмыштар тууралуу айтып берген. Анын айтымында, дайынсыз жоголгон балдар өз ыктыяры менен жыныстык катнашка барат.

Милиция аткаминеринин сөзү боюнча, «дайынсыз жоголгон кыздар өз ыктыяры менен эркектер менен таанышып, жыныстык катнашка барат».

Ногойбаевдин бул сөздөрүн текшерүү башталып, акыйкатчы Атыр Абдрахматова өспүрүмдөрдү зордуктоо фактылары боюнча кайрылуу жасады. Балдар тууралуу ушундай сөздөрдү жалпыга айтуудан мурун укук коргоо кызматкерлери өз сөзүнө жана аракеттерине жоопкерчиликтүү болуш керектигин ал айтты.

Эң көп окулган жаңылыктар