10:19
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Мамлекеттик карызды төлөө үчүн 30,6 миллиард сом бөлүндү

2022-жылдын январь-ноябрь айларында Кыргыз Республикасынын ички мамлекеттик карызын тейлөөгө бюджеттен 10 миллиард 6,7 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик тышкы карызга — 20 миллиард 634,1 миллион сом жиберилди.

Жалпысынан бюджеттен 2022-жылдын 11-айына ички жана тышкы карыздарына 30 миллард 640,8 миллион сом бөлүндү.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызы 434 миллиард 437,12 миллион сомду ($5,2 миллион) түзөт.

Эң көп окулган жаңылыктар