16:59
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

2022-жылы мамлекеттик карызды төлөөгө 33 миллиард сом жумшалды

2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын мамлекеттик карызын төлөөгө  рекорддук 33 миллиард 606 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Төлөмдөрдүн эң көп көлөмү тышкы карызга туура келген – 22 миллиард 113 миллион сом. Бул Кыргызстандын тарыхындагы рекорддук көрсөткүч.

Ички карыз боюнча төлөмдөр 11 миллиард 493 миллион сомду түздү.

Мамлекеттик карызды тейлөө республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлдү.

Эң көп окулган жаңылыктар