20:10
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

«Жашыл альянс» Кыргызстанга АЭС курууга каршы чыкты

Юридикалык тараптардын биримдигинен турган «Кыргызстандын жашыл альянсы» уюмунун өкүлдөрү Энергетика министрлиги менен Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине кайрылып, өлкө аймагына атомдук электр станция (АЭС) курууга каршы экендиктерин билдиришти.

Жакында эле Энергетика министрлиги Орусиянын «Русатом Энержи Прожект» акционердик коому («Росатом») менен Кыргызстанда АЭС куруунун техникалык-экономикалык негиздемеси боюнча келишимге кол койгону кабарланган.

«Келишимде кеп кичи кубаттуулуктагы атомдук станция жөнүндө болуп жатканы белгиленген. Бирок атомдук энергиянын кичи булактары менен радиоактивдүү заттардын аз эле саны айлана-чөйрөгө гана эмес, адамдын ден соолугуна да терс таасирин тийгизери көпчүлүккө маалым», — деп жазылган кайрылууда.

«Жашыл альянс» белгилегендей, 2019-жылы «Кыргыз Республикасында уран жана торий кендерин геологиялык изилдөөгө, чалгындоого жана иштетүүгө байланышкан ишмердүүлүккө тыюу салуу тууралуу» өкмөттүн токтому кабыл алынган.

«Буга байланыштуу АЭС үчүн радиоактивдүү сырье кайдан алынат деген суроо жаралууда. Жогорудагы токтомдо «Кыргызстандын аймагына курамында уран жана торий бар сырьелорду алып кирүүгө болбой турганы» жазылган. Демек, ыктымал АЭСтин курулушу мыйзамдуу негизге ээ эмес болуп калды», — деп жазган «Жашыл альянстын» өкүлдөрү.

Алар АЭС курууда Кыргызстандын аймагынын сейсмикалык жактан кооптуу экенин, ошондой эле атомдук станциялар өтө көп тузсуз сууну талап кыларын эске алуу керектигин белгилешкен.

«Мындай тоолуу экосистемага АЭС куруу — анын бүтүндүгү менен туруктуулугу үчүн кошумча тобокелдиктерди жана жагымсыз кесепеттерди жаратат. Мындан тышкары өзөктүк калдыктарды утилизациялоо көйгөйү да пайда болот. Радиоактивдүү заттар адамдын саламаттыгына да терс таасирин тийгизет. Министрлер кабинетин жаратылышка гана эмес, калктын да ден соолугу үчүн көптөгөн тобокелдиктерди жарата турган АЭС куруу идеясынан баш тартып, энергиянын кайра жаралуу булактарынын чоң потенциалын колдонууга чакырабыз», — деп жазылган кайрылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар