12:44
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Депутат жаңы жылдын алдында министрлер кабинетин отставкага кетирүүнү сунуштады

Бүгүн парламенттин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында «2023-жылга республикалык бюджет жана 2024-2025-жылдарга пландык мезгили жөнүндө» мыйзамдын долбоору каралды.

Депутат Исхак Масалиевдин айтымында, финансы министрлигинин баяндамасында ички дүң өндүрүмдүн өсүшү 3,7 пайыздын деңгээлинде күтүлүп жатат деп жазылган. Ал эми, бекитилген план боюнча 6,5 % болушу керек эле.

«Мындай көрсөткүч экономика өспөй жатканынан кабар берет. Министрлер кабинетинин төрагасы баары жакшы, ишканалар ачылып жатат деп мактанып жүрөт. Кана? Министрлер кабинетинин башчысы айтып жаткан инвестицияларды көрсөткүлөчү. Ички жана тышкы карыздар көбөйүүдө. Бюджеттин тартыштыгы — 35 миллиард сомго жетип жатса, өкмөт уялбай туруп каржылоонун булактары бар дейт. Мен министрлер кабинетин аз мактанып, көп иштөөгө чакырат элем», — деди Масалиев.

Депутат Исхак Масалиев быйылкы жылдын бюджети толук аткарылбай жатканы үчүн жоопкерчилик болушу керектигин билдирди.

«Келгиле, жаңы жылдын алдында министрлер кабинетин отставкага кетирели. Мындай сунуш киргизүүгө биздин укугубуз бар. Комитеттин жыйындарында тендер жакында эле өттү, курулушту каржылоо эми башталды деген эле сөздөрдү угуп келе жатабыз. Баткенге каралган акча жете элек, жакында жетеби, күмөн. Анткени тендер деп жүрүп бир жыл өтүп кетет. Башка жолун тапса болбойбу? Мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү колдобоого чакырам. Башында кандай бекитсек, ошондой аткарылышы керек» — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар