2021-жылы жашоо минимумунун көлөмү жалпы республика боюнча 6 миң 268 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.
Маалыматка караганда, 2020-жылша салыштырмалуу көрсөткүч 17 пайызга өстү.
2021-жылы жашоо минимумунун эң жогорку өлчөмү Жалал-Абад облусунда, Ош жана Бишкек шаарларында белгиленди. Ошол эле учурда, 2020-жылга салыштырмалуу жашоо минимумунун эң чоң өсүшү Ош шаарында (19,1 пайызга), Баткен оюлусунда (18,1 пайызга) белгиленди.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн 2009-жылдын 6-ноябрындагы № 694 токтому менен бекитилген жашоо минимумунун түзүмүнө ылайык, азык-түлүк товарларынын үлүшү 65 пайызды, азык-түлүк эмес товарлар - 16 пайызды, кызмат көрсөтүүлөр - 17 пайызды жана салыктар - 2 пайызды түзөт. Азык-түлүк корзинасынын энергетикалык баалуулугу 2101 ккал түзөт, ал эми анын химиялык курамы 73 грамм белокторду жана 71 грамм майларды камтыйт.

