14:27
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Бишкекте Орхон Инандынын тарапташтары кайра митингге чыгышты

Бишкекте Өкмөт үйүнүн алдында «Сапат» билим берүү мекемесинин президенти Орхон Инандынын тарапташтарынын митинги өтүүдө.

Акцияга 300дай киши катышууда. Алар укук коргоо органдарынан Орхон Инанды издөө үчүн жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалымат берүүнү талап кылышууда.

Эскерте кетсек, Орхон Инанды 31-майда жолугушууга барарын айтып үйдөн чыгып кеткен бойдон кайра келген эмес. Ошол эле күнү анын уунасы үйүнөн алыс эмес жерден табылган. Ал 1995-жылдан бери Кыргызстанда иштейт. 2012-жылы кыргыз жарандыгын алган.

Белгилей кетсек, Түркия бийлиги Кыргызстандагы «Сапат» билим берүү мекемелеринин мугалимдерин террордук уюмдун мүчөсү катары таанып, кайтарып берүүнү талап кылган

Эң көп окулган жаңылыктар