14:52
USD 85.91
EUR 93.34
RUB 1.03

Жогорку Кеңеш «Издейм сени» телеберүүсүн жандандырууну суранды

Бүгүн, 13-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Таалайбек Сарыбашов мамлекеттик каналдардын бириндеги «Издейм сени» көрсөтүүсүн кайра жандандырууну суранды.

Анын айтымында, Кыргызстанда дайынсыз жоголгондор көп, аларды жакындары издеп жатышат.

Эл өкүлү 2024-жылдын ноябрь айында Аманбаев Тилек Абдималипович аттуу жаран дайынсыз жоголгондугун айтты. Анын жакындары Ленин райондук ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылышкан. Ал эми дайынсыз жоголгон адамдын 80 жаштагы апасы Бишкекке келип, уулун издөө менен өзү алектенүүдө. Депутат райондук ички иштер башкармалыктары издөөнү күчөтүүнү суранды.

Эң көп окулган жаңылыктар