16:11
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Орхон Инандынын турган жери тууралуу маалыматка сыйлык акы жарыяланды

«Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхон Инанды тууралуу так маалыматка акы берилет. Бул тууралуу анын жакындары билдиришти.

Маалымат берген адамдын анонимдүүлүгү сакталат.

Орхон Инанды кайсы жерде тургандыгы боюнча маалыматтар болсо 0550 049050, 0555 155-114 телефон номурларына кабарлоону өтүнүшөт.

Эскерте кетсек, Орхон Инанды 31-майда жолугушууга барарын айтып үйдөн чыгып кеткен бойдон кайра келген эмес. Ошол эле күнү анын уунасы үйүнөн алыс эмес жерден табылган. Ал 1995-жылдан бери Кыргызстанда иштейт. 2012-жылы кыргыз жарандыгын алган.

Белгилей кетсек, Түркия бийлиги Кыргызстандагы «Сапат» билим берүү мекемелеринин мугалимдерин террордук уюмдун мүчөсү катары таанып, кайтарып берүүнү талап кылган.

Эң көп окулган жаңылыктар