22:10
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

ЖМКлар Эмомали Рахмондун саламаттыгы начарлаганын кабарлоодо

Тажикстанда президент Эмомали Рахмондун 22-мартка Хатлон облусуна белгиленген сапары белгисиз себептерден улам кийинкиге жылды. Бул тууралуу «Озоди» радиосу облустук акимчиликке шилтеме кылып кабарлады.

Мекеме өкүлүнүн айтымында, мамлекет башчы аймакка эми 24-25-март күндөрү келиши мүмкүн.

Өткөн жумада президенттин социалдык маселелер боюнча кеңешчиси Абдужаббор Рахмонзода Эмомали Рахмон Хатлон облусуна 22-мартта бара турганын билдирген. Аталган облустун башчысынын басма сөз катчысы президенттин бул сапары өлкө Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына даярдык көрүү иштерине байланыштуу экенин айткан.

Ал ортодо айрым «Твиттер» колдонуучулары менен басылмалар Эмомали Рахмон эл алдына 10-марттан бери чыга электигин, анын милдеттерин аткаруу улуу баласы, парламенттин жогорку палатасынын төрагасы Рустами Эмомалиге жүктөлгөнүн кабарлап жатышат.

bne.intellinews сайты мамлекет башчынын көптөн бери эл алдына чыкпаганы анын саламаттыгы начарлап кеткендиги тууралуу кептерди жаратып жатканын жазды.

18-мартта Eurasianet сайтынын редактору Питер Леонард «Твиттердеги» билдирүүсүндө президенттин басма сөз кызматы 5-марттан бери мамлекет башчынын бир дагы жаңы сүрөтүн жарыялабаганын белгилеген.

21-мартта Эмомали Рахмондун басма сөз катчысы Абдуфаттох Шарифзода президенттин саламаттыгы тууралуу маалыматтарды четке кагып, мамлекет башчынын акыркы күндөрү жүктөгөн сүрөттөрүнүн баары жаңы экенин билдирди.

Эң көп окулган жаңылыктар