Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2021-жылдын 19-январында саат 08:38де очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаал министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, жер титирөө Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Тилек, Ак-Чий, Баетов, Байганчек айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.