16:00
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Караколдогу лыжа базасында өспүрүмдүн каза болуу себептери айтылды

Ысык-Көл облусунун милициясы Караколдогу тоо-лыжа базасында болгон кырсык тууралуу кошумча маалымат таратты.

Эскерте кетсек, кечээ, 12-январда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы эс алуучу жайлардын биринде коңшу Казакстандан келген өспүрүм бала каза тапканы тууралуу маалымат тараган.

Милициянын билдиришинче, Казакстандын Нур-Султан шаарынын 35 жаштагы тургуну өзүнүн 13 жашар баласы И.С. менен 3-январда Чүй облусунун Токмок шаарында жашаган аталаш бир тууганына мейманга келген.

10-январда аталаш бир тууганы үй-бүлөсү жана карындашынын баласы И.С. менен Каракол шаарына келип, мейманкананын бирине жайгашып, маал-маалы менен «Каракол» тоо-лыжа базасына барып, эс алып жүрүшкөн.

«12-январь күнү болжол менен саат 13.00 чамаларында И.С. тоо-лыжа базасында эс алуу учурунда, 3040 метр бийиктикке көтөрүлүп, тоонун батыш трассасынын жолу менен ылдый түшкөн. Болжол менен 2700 бийиктикте трассанын батыштан чыгышка бурулган жеринен лыжа тээп түшүп бара жаткан бала бурула албай калып, өсүп жаткан чоӊ карагайды сүзүп алып, алган жаракаттарынан улам, окуя болгон жерден каза болгондугу аныкталган. Соттук-медициналык эксперттин катышуусу менен жансыз жаш өспүрүмдүн денесин сырттан кароо учурунда, оӊ буту жана мойну сынганы аныкталды. Жаш өспүрүмдүн өлүмүнүн жагдайын толук аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертизасы дайындалып, тергөө амалдары уланууда», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби