23:14
USD 84.77
EUR 103.24
RUB 1.14

Караколдогу лыжа базасында Казакстандан келген 12 жаштагы өспүрүм каза болду

Караколдогу тоо лыжа базасында 12 жаштагы бала каза болду. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, өспүрүм Казакстандан эс алганы келген. Ал лыжа тээп баратып, арчаны сүзүп алган. Алган жаракатынан улам окуя болгон жерде көз жумган.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу жөнөп кеткен. Милиция кызматкерлери бардык материалдарды чогултууда.

Эң көп окулган жаңылыктар