14:21
USD 88.39
EUR 94.96
RUB 0.97

Хорватияда экинчи күн катары менен жер титиреди

Хорватияда экинчи күн катары менен катуу жер силкинип, бир катар калктуу конуштарда, анын ичинде өлкөнүн баш калаасы Загреб шаарында имараттар зыянга учурады.

Европадагы жер ортолук деңиз сейсмикалык борбору 6,3 баллдык жер титирөө Загребден түштүк-чыгышты көздөй 46 чакырым алыстыкта катталганын билдирди. Ошол эле маалда Немис изилдөө борбору 6,4 баллдык жер силкинүү 10 чакырымдык тереңдикте болгонун билдирди.

N1 телеканалы Загребдин акимчилигинин өкүлүнө шилтеме кылып, кырсыктан 12 жаштагы кыз көз жумганын кабарлады. Петриня жана ага коңшулаш жайгашкан Сисак шаарларында жабыркагандар көп экенин жергиликтүү тез жардам кызматынын башчысы Томислав Фабиянич билдирди. Анын айтымында, жабыркагандар түрдүү жаракаттарды алып, айрымдарына операция да жасалды.

Словениянын STA маалымат агенттиги бийлик алдын-алуу чарасы катары өлкөдөгү жалгыз атомдук электр станциянын ишин убактылуу токотуу чечимин кабыл алганын жазды. Станция силкинүүнүн очогунан 100 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Эң көп окулган жаңылыктар