17:37
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Садыр Жапаров конституциянын долбоору боюнча үн катты: Бузукулардын жүзү ачылат

Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Конституциянын жаңы долборун талкуулоого активдүү катышууга чакырды. Бул тууралуу анын билдирүүсү социалдык тармакта жарыяланды.
 
Ал 2010-жылы кабыл алынган Конституция бир ууч адамдардын же бир кишинин пайдасы үчүн элдин аталган укуктарын чектеп койгондугун айтат.
 
«Буга акыркы 10 жылдагы жашоо-турмушубуз далил болду. Кыргызстанды шоопурлар, жан сакчылар жана ушул сыяктуу бир ууч адамдар башкарып келди. Алардын кесепетинен кечээ жакындагы элдик толкундоолор келип чыккандыгы жалпыга маалым», — дейт ал.

Бүткүл элдик добуш берүү менен жаңы Конституцияны кабыл алуу укугун элге кайтарып берүү бул артка чегинүү же Акаевдин, Бакиевдин тушунда кабыл алынган Конституцияларга кайтып келүү эмес.

Садыр Жапаров.

«Өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын көздөп, кыйкырып чыгып жаткандардын жүзү курусун. Алардын 30 жылдан бери бузукулук кылып жүргөн чыныгы жүздөрүн ача турган убакыт келди», — дейт Садыр Жапаров.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума