22:45
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Конституциялык реформа. Президент 5 жылга шайланып, укуктары көбөйөт

Конституциянын жаңы редакциясынын долбоору парламенттин расмий сайтына жарыяланып, коомдук талкууга сунушталды. Аны менен бул жерден танышууга болот.

Долбоордо башкаруу формасы өзгөртүлөт. Азыркы Конституциянын 3-беренесинде мамлекеттик бийлик бүткүл эл тарабынан шайланган Жогорку Кеңеш жана Президент тарабынан ишке ашырылары жазылат. Азыркы долбоордо президент биринчи болуп белгиленген.

Андан сырткары, президент мөөнөтүнөн мурда кызматтан кеткенде анын ыйгарым укуктарын убактылуу өкмөт башчы аткарат. Азыркы Баш мыйзамда парламенттин төрагасы, андан кийин гана премьер-министр аткара алары айтылган. 

Андан сырткары, Элдик Курултай киргизилип, аны чакырып алуу жеке президентке таандык. Элдик Курултайга президент жана Жогорку Кеңештин төрагасынын отчет берет.

Жогорку Кеңешке 90 депутат шайланат. 

Эң көп окулган жаңылыктар