03:03
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Нариман Түлеев Бишкек шаарынын вице-мэри болуп дайындалды

Нариман Түлеев Бишкек шаарынын вице-мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу ордо калаанын муниципалитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, буйрукка мэр Азиз Суракматов кол койду.

Нариман Түлеев 2008-2010 — жылдары Бишкек шаарын жетектеген.

Алмазбек Атамбаевдин учурунда Нариман Түлеев жемкорлук беренеси менен соттолгон. Ал өткөн жылы мунапыстын негизинде эркиндикке чыгып, үй-мүлкү конфискацияланган.

Эң көп окулган жаңылыктар