12:01
USD 87.43
EUR 102.72
RUB 1.16

Бүгүн Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт

Бүгүн, 28-апрелде саат 9:00дөн 00:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде, социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү токтотулат.

Өчүрүү аймагы төмөнкү көчөлөр менен чектелген: Күрөңкеев көчөсү, Абдрахманов көчөсү, Элебесов көчөсү, Бельская көчөсү, Ала-Арча дарыясы, Жибек Жолу проспектиси, Жаш Гвардия бульвары, ЧЧК жана Саадаев көчөсү.

Анын ичинде: «Красный Строитель», «Ак-Тилек», «Көлмө», «Алтын Бешик» жана «Салам Алик» конуштары.

Бишкек мэриясы
Фото Бишкек мэриясы

«Северный» суу топтомосунда диаметри 400 мм болгон бурама тээктерди алмаштыруу боюнча авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө байланыштуу суу берүү токтотулат.

«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт, ишканаларды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Эң көп окулган жаңылыктар