12:01
USD 87.43
EUR 102.72
RUB 1.16

Бишкекте көп аялдуулук боюнча кол топтогондор милицияга чакыртылды

Көп аялдуулукту кылмыш жоопкерчилигинен чыгаруу үчүн кол топтоонун демилгечилеринин бири Өзбек Чотонов милицияга чакыртылды. Аны менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн алкагында акцияга катышкан бардык жарандар, анын ичинде Өзбек Чотонов да маектешүүгө чакырылган.

«Мындан тышкары, милиция кызматкерлери жарандарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык көп аялдуулук кылмыш жоопкерчилигине алып келерин түшүндүрүштү», — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Социалдык тармактарда Өзүбек Чотоновдун көп аялдуулуктун жазасын жеңилдетүү боюнча кол топтоп жатканын билдирген видеосу тарап, социалдык тармактарда кызуу талкууга жем таштаган.

Кыргызстанда «Үй-бүлө жөнүндө кодекс» бир гана расмий никеге уруксат берет. Мыйзамга ылайык, эки же андан көп аял алган адам коомдук, түзөтүү жумуштарына же айыпка тартылат. Бул кылмыш үчүн айып пулдун өлчөмү 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин деп аныкталган.

Эң көп окулган жаңылыктар