Бишкекте өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин кеңешмесине катышуу үчүн Кыргызстанга делегациялар келүүдө.
Ошондой эле Бишкекке төмөнкү жетекчилер келишти:
- Пакистандын коргоо министри Хаваджа Мухаммад Асиф;
- Ирандын коргоо министринин орун басары, генерал-майор Реза Талаи Ник;
- Россиянын коргоо министри Андрей Белоусов;
- Кытайдын коргоо министри Дун Цзюнь;
- Беларусь Коргоо министрлигинин делегациясы, коргоо министри Виктор Хрениндин жетекчилигинде.
Кеңешменин жүрүшүндө тараптар эл аралык жана аймактык коопсуздуктун актуалдуу маселелерин, ошондой эле ШКУ форматында коргоо ведомстволорунун мындан аркы кызматташуусун талкуулап жатышат.

