05:36
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Мен Атамбаев эмесмин. Нариман Түлеев сурак берүү үчүн чет өлкөдөн келет

Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеев чет өлкөдөн эс алуусун токтотуп, Бишкекке сурак берүүгө келет. Бул тууралуу ал 24.kg агенттигине айтты.

Буга чейин ага кылмыш иши козголгону кабарланган. Ага кызматта турганда «Ала-Арча» шаарчасынан аянты 650 чарчы метр болгон жерди жеке менчикке бөлүп бергендиги себеп болгон.

Анын айтымында, прокуратурага кыргыз тилдүү ЖМКнын журналисти арызданган.

«Бул Алмазбек Атамбаевдин тапшырыгы менен болуп жатканынан күмөнүм жок. УКМК сотко чейинки өндүрүштү баштады. Азырынча мага кылмыш иши козголду деп айтыш эрте. Азыр арызды гана текшерүү жүрүүдө. Мен өзүмдүн актыгыма ишенем», -деди Нариман Түлеев.

Ал кошумчалагандай, Бишкек мэри болуп турганда жер маселелерин чечүү анын милдетине кирчү эмес. Бул жаатта шаардык кеңештин комиссиясы иш алып барчу.

«Мен суракка барам. Тергөөдөн качпайм, жашынгыдай мен Атамбаев эмесмин», -деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума