USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

COVID-19 вирусу менен ооруп айыккандарга көлгө түшүүгө болбойт

17:12, 29 июля 2020, Бишкек - 24.kg

COVID-19 вирусу менен ооруп айыккандарга көлгө түшүүгө болбойт. Бул тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун директорунун орун басары Жамиля Усупова маалымдады.

Анын айтымында, ооруп айыккандар 14 күн үй карантининде болушу шарт.

«14 күндөн кийин ден соолукту чыӊдоочу процедураларга барса болот. Пневмония менен ооругандарга, вирус жуктуруп алгандарга, оорунун эч кандай белгилери жок болсо да көлгө түшүүгө болбойт. Суу муздак болгондуктан дароо ысык-суукка урунганда жаӊы калыптанып келе жаткан организм стресске кабылышы мүмкүн. Ошондуктан коронавирус менен ооруп сакайган жарандарга сууга түшүү сунушталбайт», — дейт Жамиля Усупова.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика